"Аманбанк" РК" ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Жыйында жүгүртүүдөгү акциялардын санын жокко чыгаруу жолу менен кыскартуу чечими кабыл алынды.
Кошумчалай кетсек, банктын ишмердүүлүгүн өзгөртүү жана банкты микрофинансылык компания катары кайра каттоо сунушуна банктын 84,77% акционерлери каршы добуш беришти.
Ошону менен бирге банктын акционерлери 2023-жылга жылдык бюджетти бекитишти, ошондой эле аудитордук компания катары "АКФ "Кыргызаудит" ААК тандап алынды.