АКШ кыргызстандыктар үчүн паспорттук көзөмөлдү жеңилдетиши мүмкүн

24.02.2020, 11:15 Акчабар
АКШ кыргызстандыктар үчүн паспорттук көзөмөлдү жеңилдетиши мүмкүн

«Инфаком» ишканасына болгон сапарынын алкагында, АКШнын Кыргызстандагы Элчиси Дональд Лу ишкананын калкты документтештирүү жана каттоо боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин ийгиликтүү болуп жаткандыгын белгиледи.

АКШнын дипломатиялык өкүлү Мамлекеттик каттоо кызматы менен кызматташууга даяр экендигин жана мамлекеттер ортосундагы чек араларды ачууга кызыктар экендигин билдирип, ал үчүн негизги критерий катары жарандарды паспорттоштуруу проццесиндеги PKI системасы (ачык ачкычтар инфраструктурасы) саналарын белгиледи.

«Жабдыктар, дизайн жана тутум жалпы жарандык электрондук паспортторду киргизүүгө даяр. Жакынкы арада мамлекеттик сатып алуулар порталында бланктарды сатып алууга сынак жарыяланат»,- деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев.

Мекемеден белгилешкендей, 2017-жылкы биометрикалык паспорттордо PKI системасы бар жана Кыргызстан аны жаңы муундагы чет элдик паспортторго киргизүүгө даяр.

Тэги: АКШ Кыргызстан паспорттук көзөмө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу