Ликвидация стадиясындагы банктардын активдери кескин көбөйдү

05.12.2023, 12:09 Акчабар
Ликвидация стадиясындагы банктардын активдери кескин көбөйдү

Сентябрдын аягында Кыргызстанда жоюлуу процессинде турган коммерциялык банктардын активдери күтүүсүздөн кескин өстү. Эгер ушул жылдын июнь айынын аягында алар “Манас Банк” ЖАКты эсепке албаганда 54,6 миллион сомго бааланган болсо, сентябрдын аягында 198,4 миллион сом болуп, өсүш 3,6 эсени көрсөттү.

Улутту банктын маалыматында, бул жоюу стадиясындагы банктардын негизги каражаттарын кайра баалоодон улам болгон.

Кошумчалай кетсек, бул банктардын акчасынын өзгөрүүсү катталып, мурда акчасы жок болсо, азыр бул сумма 400 миң сомду түзөт. Корреспонденттик эсептердеги сумма да 7,8 миллион сомдон 11,3 миллион сомго, капиталдык баалуу кагаздардын наркы 5,3 миллион сомдон 10,8 миллион сомго чейин жогорулады.

Ошол эле учурда жоюу стадиясындагы банктык кредиттер 208,4 миллион сомдон 61,3 миллион сомго (3,4 эсеге) кыскарган.

Кошумчалай кетсек, бул банктардын депозиттер боюнча юридикалык жактардын (1 млрд 25,2 млн сом) жана жеке адамдардын (36,4 млн сом) алдындагы милдеттенмелери мурдагы деңгээлде калган. Аларда акыркы жолу активдүүлүк жылдын биринчи кварталында байкалган. Андан кийин жеке жактарга 126,7 миллион сом, юридикалык жактарга 273,5 миллион сом кардарларга кайтарылган.

Тэги: новости Кыргызстана банки ликвидация банков деньги активы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу