Жапаров россиялык лизинг компаниясынын башкы директорун кабыл алды

04.02.2022, 09:33 Акчабар
Жапаров россиялык лизинг компаниясынын башкы директорун кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Өнөр-жайды өнүктүрүү боюнча улуттук лизинг компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Дмитрий Ерошокту кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жол техникасын, бажы жана салыктык башкаруу үчүн аппараттык кассалык комплекстерди жеткирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кыймылдуу курамын жаңылоо маселесин талкуулады.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин россиялык компания менен жемиштүү кызматташууга даярдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Дмитрий Ерошок белгилегендей, лизингдик компания комплекстүү финансылык программаларды, анын ичинде инвестициялык жана авиациялык долбоорлорду ишке ашырууда чоң тажрыйбага ээ жана жакын арада керектүү жабдууларды жеткирип баштоого даяр.

Тэги: лизинговая компания ГП Кыргыз Темир Жолу подвижной состав

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу