Alibaba коронавируска каршы медикаменттерди сатып алуу үчүн онлайн-платформасын негиздеди

05.02.2020, 16:10 Акчабар
Alibaba коронавируска каршы медикаменттерди сатып алуу үчүн онлайн-платформасын негиздеди

Alibaba компаниясы жаңы түрдөгү коронавирустун жайылышы менен күрөшүү максатында дүйнө жүзү боюнча медикаменттерди сатып алуу үчүн онлайн-платформасын негиздеди.

Alibaba компаниясы жаңы түрдөгү коронавирустун жайылышы менен күрөшүү максатында дүйнө жүзү боюнча медикаменттерди сатып алуу үчүн онлайн-платформасын негиздеди.

Жаңы платформа коронавирус пайда болгон Кытайдын региондорундагы дары-дармек жана коргонуучу каражаттарына болгон суроо-талапты канааттандыруу үчүн негизделген. Фармацевтикалык ишканалар менен өндүрүүчүлөр жеткирүүлөр тууралуу маалыматтарды жайгаштыра алышат, андан соң Alibaba коронавирус менен күрөшүүгө керектүү каражаттарды сатып алып, аларды муктаж болгон медициналык мекемелерге жеткирип турат.

25-январда Alibaba коронавируска туш болгон Кытайдын региондорун медикаменттер менен камсыздоо максатында 1 млрд юан (144 млн доллар) өлчөмүндөгү атайын фонд ачкан. 3-февралга карата компания 18 оорукананы камсыздаган, алардын ичинде Хубэй провинциясы дагы бар. Аталган аймак коронавирустан эң көп жабыркап, анда вирустун айынан 479 адам көз жумган.

 

Тэги: Alibaba платформа коронавирус медикаменты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу