Алиэкспресске буйрутма кылгандардын товарлары айтылган мөөнөтүнөн кеч келет. Бул коронавирус оорусуна байланыштуу. Бул тууралуу Forbes порталы билдирди.
«Биз буйрутмаларды убагында жеткирүү үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Бирок коронавируска байланыштуу кармалып калышы мүмкүн», — деп жазылат маалыматта.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюуму билдиргендей, буюмдар аркылуу коронавирус оорусу жукпайт.