Алкоголдук тармак барган сайын көмүскөгө кетип жатат — президент

26.11.2021, 15:58 Акчабар
Алкоголдук тармак барган сайын көмүскөгө кетип жатат — президент

2010-жылдан бери арактын мыйзамдуу өндүрүшүнүн көлөмү дээрлик төрт эсеге азайып, 2020-жылга карата 1 миллион 307 миң декалитрден 340 миң декалитрге чейин төмөндөгөн. Бул тууралуу мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Жапаровдун айтымында, бул кыргыз эли аз ичет дегенди билдирбейт, тескерисинче алкоголдук тармак барган сайын көмүскөгө кетип баратканынан кабар берет.

"Алкоголдук өндүрүшкө мамлекеттик көзөмөл болгонуна карабастан, адам факторунун аркасында алкоголдук продукциянын көмүскө жүгүртүүдөгү үлүшү туруктуу өсүүдө жана ар кандай баа берүүлөр боюнча 40тан 80%га чейин жетет. Ошол эле маалда 2020-жылдын аягына карата Кыргызстанда арак сатуунун көлөмү 3 миллион 436 миң декалитрге жеткен. Башкача айтканда, мыйзамсыз жүгүртүүдө дээрлик 3 миллион декалитр арак бар, бул жалпы сатылган продукциянын 86%дан ашыгын түзөт”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы кошумчалагандай, акциздик салыктарды алып салуудан эле бюджеттик жоготуулар дээрлик 2,5 миллиард сомду түздү.

 

Тэги: алкогольная промышленность теневая экономика бюджет Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу