Ысык-Ата районунда мыйзамсыз майнинг-ферманын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана өлкөдөгү электр энергиясынын олуттуу тартыштыгын эске алуу менен жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ысык-Ата районунун аймагында майнинг-ферманын (криптовалюта алуу боюнча өндүрүш) мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталган.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган материалдардын алкагында майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн 700дөн ашык жабдуу алынган.
"Тактап айтканда, майнинг-фермалардын ээлери "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамына ылайык, расмий каттоодон өтпөстөн, милдеттүү сертификатты албастан, каттоо үчүн жыйымдарды, ошондой эле башка төлөмдөрдү төлөбөстөн криптовалюталарды казып алууну уюштурушкан", - деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган мыйзамсыз аракетке тиешеси бар бардык адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.