Алмазбек Исманкулов апрелге чейин абакта калды

13.02.2023, 15:00 Акчабар
Алмазбек Исманкулов апрелге чейин абакта калды

Бүгүн Октябрь райондук соту “Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловду 9-апрелге чейин №1 тергөө абагында калтырды. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Эске салсак, 10-февралда Башкы прокуратура Алмазбек Исманкуловго жана бир катар муниципалдык кызматкерлерге "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сомдук зыян келтирилген. 

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Бишкектеги №6 клиникалык оорукананын 2-корпусунун имараты бейтаптар үчүн орун жетишсиздигине карабай арзан баага ижарага мыйзамсыз берилген. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу