«Алтын-Булак» пансионатын калыбына келтирүүгө 714,7 млн сом керектелет

12.12.2023, 10:30 Акчабар
«Алтын-Булак» пансионатын калыбына келтирүүгө 714,7 млн сом керектелет

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы Ысык-Көл районундагы "Алтын-Булак" пансионатын курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Бул иштерге борбор калаа муниципалитети тарабынан 714 млн 722,7 миң сом бөлүнөт.

“Алтын-Булак” пансионаты Сары-Ой айылында жайгашкан жана 1975-жылдан бери иштеп келе жатат жана бул убакыт аралыгында бир дагы капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Пансионатта суу, канализация, телефон байланышы, электр жарыгы бар. Аянты - 3,19 га, анын 0,59 пляж аянты.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын март айында Бишкек шаарынын мэриясы “Алтын-Булак” пансионатын МЖӨ аркылуу калыбына келтирүү жолдорун талкуулаган. 

 

Тэги: Алтын Булак эс алуу жайы Бишкек мэриясы Сары-Ой

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу