2019-жылдын башынан бери алтын өнгдүрүү 50% жогорулаган. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары боюнча мамлекеттик агентиктин төрагасынын орун басары Мырза Жаманбаев билдирди.
Алтын өндүрүү «Кумтөрдү» кошкондо жети тоннага жеткен.
«2019-жылдын төрт ай аралыгында алтын өндүрүү 50% жогорулады. «Кумтор» алтын кени алты тонна алтын казса, «Алтынкен» бир тонна алтын өндүргөн. Ал эми 2018-жылы Кыргызстандагы жалпы алтындын өндүрүмү 16,6 тоннага жеткен»-деп билдирди Мырза Жаманбаев.
Ошол эле учурда, 470 миң тонна көмүр казылып, ал былтыркы ушул маалга салыштырмалуу 26-30% жогору. Ал эми 55 миң тонна нефти дагы алынганын билдирди.