Алтын сертификат ээлери президент менен жолугуштуу

08.07.2019, 11:47 Акчабар
Алтын сертификат ээлери президент менен жолугуштуу

«Биз элибиздин билимдүү жаштары менен өлкөбүздүн бардык тармагын өркүндөтөбүз. Андыктан жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү — приоритеттүү багытыбыз болуп саналат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчысы алтын сертификат ээлери не кайрылуу жасап, аларды куттуктады. 

«Жаӊы технологиялар дүйнө экономикасынын жүзүн өзгөртүп, таптакыр жаӊы билимдердин жана жөндөмдөрдүн зарылдыгын жаратты.Бардык чөйрөгө санарип технологиялардын кириши — эмгек ресурстарына жаӊы талаптарды коюуда.Бүгүн экономика, медицина, билим алуу, башкаруу чөйрөлөрүнө санарип технологиялары тереӊ кирип, бул кесиптердин табиятын өзгөртүүдө»-деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстан — жогорку окуу жайга кирүүнү каалаган бүтүрүүчүлөрдү тестирлөөнү көз карандысыз мамлекеттик уюм аркылуу жүргүзгөн Евразиядагы биринчи өлкө.Белгилей кетүүчү нерсе — жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын орточо баллы туруктуу өсүү тенденциясына ээ болууда. Быйылкы жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификат жана эң жогорку балл алгандардын 57 пайызы региондордун бүтүрүүчүлөрү.

Тилекке каршы, бүтүрүүчүлөрдүн 38 пайызы жогорку окуу жайына өтүүгө зарыл болгон босогонун деңгээлинен өтпөй калышкан.  

Билим берүү системасын каржылоо деңгээли — ички дүң продукциянын 6 пайызын түзөт. .

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу