«Аман ЛТД» акча алмаштыруучу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду

10.03.2020, 10:00 Акчабар
«Аман ЛТД» акча алмаштыруучу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду

Бишкек шаарындагы «Дордой» соода комплекси, Шымкент токтотуу жайы, № 3 «Т» дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Аман ЛТД» алмашуу бюросунун иши 16-мартка чейин токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн  ЖЧК «Аман ЛТД» алмашуу бюросунун 2019-жылдын 17-июлундагы № 5915 лицензиясынын аракети 2020-жылдын 10-мартынан тартып 16-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулган. 

Тэги: Аман ЛТД Акча алмаштыруучу жай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу