Амазон Германияга офлайн-дүкөн ачууну пландап жатат

06.01.2020, 12:20 Акчабар
Амазон Германияга офлайн-дүкөн ачууну пландап жатат

Дүйнөдөгү ири интернет магазин Amazon Германиядан чекене соода түйүндөрүн ачууну көздөөдө. Бул тууралуу Forbes порталы билдирет. 

Аманзондун АКШ жана Улуу Британиядагы дүйкөндөрү сатуучусуз жана эсептегич аппараты жок иштеп жатат. Амазондун офлайн-дүкөндөрүнүн бардыгы тең автоматташтырылган. Соода кылып жаткан учурда, кардарды жүздөгөн видео байкоолор карап турат. Кардар дүкөнгө кирип бара жатканда алгач мобилдик тиркемени ачып, уюлдук телефонду турникетке такап, QR-код менен  өтөт. 

Андан сырткары, магазинде кошумча  араба жана корзинкалар жок. Кардар алган товарды дароо сумкасына салуусу керек. Товарда текчеден алар замат, автоматташтырылган система дароо чек чыгарып берет, эгер кайрадан товар ордуна коюлган болсо, анда автоматтык түрдө чек жокко чыгарылат. Дүкөндөн чыгып жатканда система аркылуу ар бир товар Амазондун колдонуучусу катары катталып калат. 

 

 

Тэги: Amazon офлайн-магазины розничные точки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу