Amazon дүйнөдөгү эң чоң жарнама берүүчү деп аталды. Ал 2019-жылы жарнамага 11 млрд $ короткон. Бул тууралуу vc.ru порталы кабарлады.
2019 - жылдын жыйынтыгы боюнча, онлайн-ритейлердин жарнамага короткон жылдык чыгашасы 34 пайызга өсүп, ($2,8 млрдга өскөн) 11 млрд $ жеткен. Акыркы 10 жылда компания жарнамага жумшаган каражаттарынын өлчөмүн 20 эсеге көбөйткөн: 2009-жылы 593 млн $ болсо, 2019-жылы 11 млрд $ жеткен.
Жылдык отчетто айтылгандай, Amazonдун сатуулары 20 пайызга өскөн. Маркетингге жумшалган жалпы каражаттын саны 189 млн $ түздү, алардын 11 млр $ жарнамага кетсе, 7,9 млрд $ башка чыгымдарга жумшалган.
Буга чейин эң чоң жарнама берүүчү компаниясы болуп Procter & Gamble корпорациясы саналып келген. 2019-жылы аталган ишкананын жарнамага жумшаган каражаттарынын көлөмү 350 млн $ 6,8 млрд $ чейин түшкөн, ал эми маркетингге байланышкан башка чыгымдары 19,1 млрд $ түздү.