Эми MegaCom абоненттери англис тили боюнча өзүлөрүнүн билим деңгээлин текшерип алса болот. Мындай мүмкүнчүлүк «Альфа Телеком» ЖАК жана SkypeStudy.org тил үйрөтүү курстары тарабынан сунушталат. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалда, үйүңүздөн чыкпастан эле, тестирлөөдөн өтүңүз да, 40 видеосабакты көрүү үчүн акысыз жетки алыңыз.
Бул үчүн эмне кылуу керек?
Тестирлөөдөн өткөндөн кийин, MegaCom абоненттери үчүн 40 акысыз видеосабакка жетки берилет (орус жана англис тилинде үн коштоосу менен). Бул мүмкүнчүлүк, эң оболу, аралыктан билим алуу шартында англис тилинин грамматикасы боюнча алган билимди текшерүүгө, бышыктоого жана тереңдетүүгө мыкты өбөлгө боло алат.
Сиздин билимиңиз – ийгиликтүү келечектин кепилдиги!