Апрель айында эттин дүйнөлүк баасынын индекси 1,3% өстү

08.05.2023, 14:50 Акчабар
Апрель айында эттин дүйнөлүк баасынын индекси 1,3% өстү

Бир жылда апрель айында азык-түлүккө дүйнөлүк баалардын индекси биринчи жолу көтөрүлдү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму билдирди. 

Маалыматка ылайык, эттин баасынын индекси ай ичинде 1,3%га жогорулаган. Бул чочконун эти үчүн баа наркынын жогору болушу, ошондой эле канаттуулардын этине баалардын өсүшү менен байланыштуу.

Ошондой эле, Азия өлкөлөрү этке болгон суроо-талапты көбөйткөн. Ал эми малдын ден-соолугун камсыздоодогу көйгөйлөрдөн улам өндүрүш басаңдаган. 

“Уй этинин дүйнөлүк баасы да биринчи кезекте Америка Кошмо Штаттарында союлуучу малды жеткирүүнүн кыскарышынан улам кымбаттады”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу