Аттестаттарда кайрадан ката чыгууда. Бул жолу Нарын областындагы Кочкор районундагы орто мектептин бирине берилген аттестатта одоно ката кетирилген. Аны социалдык түйүнгө колдонуучулардын бири койгон.
Коба Кобико аттуу социалдык түйүндүн колдонуучусу кара тизмеге (Черный список" - нам не понравилось) киргизип, өзүнүн нааразычылыгн билдирген.
Анда көрүнүп тургандай, аттестат 2019-жылы 24-июнда берилген. Ал эми Билим Берүү министрлиги тарабынан Марина Гречанная социалдык баракча аркылуу жооп кайтарды.
«Сигналдык экземплярда бул ката жо болчу. Бул типографиялык ката деп актап чыкты. Мындай катаны мектептин директору кайра кайтарыш керек болчу. Кочкордо болгону 10 ката кеткен деп билдирди. Ката кетирилген аттестаттар кайрадан басылып чыгарылат», - деп жооп берди Марина Гречанная.
Айтмакчы, быйыл аттестаттарды «Учкун» ААК басмаканасы басып, 11-класстар үчүн күбөлүк 20 сом 17 тыйындан басылган. Бул каталар мамлекетке канча чыгым алып келет? Ачык суроо боюнча калууда.