Бишкек Курск паркынын эски аттракциондорун сатып алды. Алар Асанбайга орнотулат

08.05.2023, 10:10 Акчабар
Бишкек Курск паркынын эски аттракциондорун сатып алды. Алар Асанбайга орнотулат

Курск шаарынын Биринчи Май паркынын аттракциондорун Кыргызстан сатып алды. Бул тууралуу “Курская правда” басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, аталган парктагы аттракциондор Германияга, Чехияга жана Дагестанга да сатылган.

Болжолдуу түрдө аттракциондор Асанбай сейил багына орнотулат. Бул парктын тагдыры тууралуу “Акчабар”редакциясынын суроосуна Бишкек шаардык мэриясы жооп берген жок. 

Белгилей кетсек, мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы жашыл аянттын аймагын 25 жылга жаңы ижарачыга өткөрүү боюнча тендер өткөргөн. Ижара берүүгө эл каршы чыкканына карабастан Бишкектин Октябрь райондук соту сейил бакка карата эч кандай чара көргөн эмес. 

Эске салсак, талаштуу аймактын аянты 4 гектарды түзөт. Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы тилкелер беш жылдан ашпаган мөөнөткө пайдаланууга берилгендиктен, жакынкы кичи райондордун тургундары жерди жеке адамга берүүгө каршы.

Тэги: новости Кыргызстана Курск аттракционы парк Асанбай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу