Австралия пандемияга байланыштуу жумушчуларына 80 млрд доллар бөлдү

30.03.2020, 14:00 Акчабар
Австралия пандемияга байланыштуу жумушчуларына 80 млрд доллар бөлдү

Австралиянын бийлиги коронавирустун таасири астында калган компаниялардын жумушчуларына айлык акы катары 80 млрд доллар бөлдү. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Скотт Моррисон билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, жумушунан ажырап калган жана иштеп жаткан мекемелери оор абалда болгон жумушчуларга жарым жыл бою айына болжол менен 920 доллар бөлүп турат. Бул өлкөдөгү орточо эмгек акынын 70%ын түзөт.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Австралияда коронавирусту 4 миң 93 адам жуктуруп, 16 жаран көз жумган.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирусту пандемия деп сыпаттаган. Аталган уюмдун маалыматында, илдетти 634 миңден ашык адам жуктурду.

Тэги: Австралия пандемияга байланыштуу жумушчула

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу