2020-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 3.4 млрд сом бөлүнгөн

29.01.2021, 13:30 Акчабар
2020-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 3.4 млрд сом бөлүнгөн

2020-жылы мамбюджеттин социалдык жардам боюнча жалпы чыгашасы 10.8 млрд сомду түзгөн. Анын ичинен аз камсыз болгон үй-бүлолөргө төлөнчү жөлөк пулдун суммасы 3.4 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди. 

Балага сүйүнчүгө 592 млн сом, жумушу жок жарандарга 1.3 млн сом, багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу төлөмдөр 4,9 млн бөлүнгөн. 

Калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү үчүн 102 миллион сом сарпталды. Бул каражаттар кесиптик билим берүү жана коомдук жумуштарды уюштуруу үчүн жумшалат. 

Тэги: аз камсыз төлөм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу