ЕРӨБ менен «Кыргыз темир жолуна» насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

03.11.2021, 13:15 Акчабар
ЕРӨБ менен «Кыргыз темир жолуна» насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Вице-премьер-министр Азиз Аалиев алдыда боло турган “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” биринчи экономикалык форумунда Европа банкы менен өткөрүлүшү пландалган сүйлөшүүлөргө токтолду.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда ирригацияга банк каражаттарын тартуу боюнча атайын келишимдер түзүлүүдө.

"Экинчи пландалган долбоор – "Кыргыз темир жолу" ишканасына поезддерди сатып алуу жана оңдоо иштерине насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Кошумчалай кетсек, кыргыз өкмөтү ЕРӨБ кыргызстандык ишкерлерге колдоо көрсөтөрүнө ишенет. Банктын президенти Бишкектеги форумга келеринен пайдаланып, өкмөт аны менен бул маселе боюнча жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тэги: ЕБРР инвестиции кабинет министров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу