Учурда Германияда жашап, иштеп жаткан кыргызстандык Алина ал жактан тарткан кызыктуу видеолор менен дайыма бөлүшүп турат. Бул жолкусунда ал, Германиядагы азык-түлүктүн бааларын Кыргызстандыкы менен салыштырып айтып берет. Көпчүлүккө түшүнүктүү болуш үчүн баалардын валютасын учурдагы сомдун курсу менен которгон. Бул тууралуу Тазабек басылмасы жазып чыкты.