2020-жылдын 4-февралында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча коллегиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу КР МБК басма сөз кызматы кабарлады.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
- «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 11.10.2019-жылдан тарта токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө».
- «Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешелүү бөлүгүнүн 2019-жылдын 4 кварталы үчүн бажы төлөмдөрүнүн аткарылышы, жалпы 2019-жыл жана 2020-жылдын 1-кварталына бажы төлөмдөрүнүн божомолдуу көрсөткүчтөрү жөнүндө».
- «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо ишмердүүлүгүнүн 2019-жылдагы жыйынтыктары жөнүндө».
- «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө».
- «КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматындагы аткаруу тартибинин 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча абалы жөнүндө».
Коллегиянын отурумундагы күн тартибинин маселелеринин кароонун жыйынтыгы менен 26 тартип жазасы салынган:
- Анын ичинде бажы органдарынын 4 жетекчиси, ошондой эле бажылык каттоо органынын 12 башчысы бар.
Тэги: бажы кызматы тартиптик жаза отур