№5-бала бакчанын жетекчиси чоң суммадагы акча каражатын өздөштүрүп алган

19.02.2020, 13:30 Акчабар
№5-бала бакчанын жетекчиси чоң суммадагы акча каражатын өздөштүрүп алган

№5-бала бакчасында жүргүзүлгөн прокурордук текшерүүнүн натыйжасында жетекчилик тарабынан бир катар мыйзам бузуулар болуп, чоң суммадагы акча каражаты өздөштүрүлгөндүгү аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Көзөмөлдөөчү органдын маалымат боюнча, балдар мекемесинин жетекчиси Динара Мазымканова өз тууганын жумушка жалган орноштуруп, ага 156 миң сом айлык акы төлөп берген. Бала бакчанын жамааты ал жумушка дээрлик келбегендигин тастыктаган.

«Андан сырткары, 23 бала электрондук кезексиз кабыл алынган. Алардын келип кеткендиги үчүн ата-энелери накталай акча менен төлөп турушкан. 2017-2019-жылдардагы өздөштүрүлгөн каражаттардын саны 553 миң сомду түздү».

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу