Балык чарба департаменти форель жана сига балыктарын инкубациялоо иш-чараларын жүргүзүүдө

08.02.2022, 16:43 Акчабар
Балык чарба департаменти форель жана сига балыктарын инкубациялоо иш-чараларын жүргүзүүдө

Балык чарба департаменти бүгүнкү күндө өнүгүп келе жаткан форель жана сига балыктарын инкубациялоо иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган департаменттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

2021-жылы Балык чарба департаменти тарабынан Тоң балык өндүрүү ишканасына 300 миң икра алуу тапшырмасы берилип, бирок бүгүнкү күндө белгиленген план ашыгы менен аткарылган. Тактап айтканда, былтыр 330 миң икра алынган. Буга ФАО долбоору аркылуу чакан цехтин курулушу да негиз болгон.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдөн 8 млн икра алынган. Тоң балык өндүрүү ишканасы акыркы 6 жылдан бери сига балыктарынын икраларын алып, аны өстүрүп жана көлгө коё берип келет.

Белгилей кетсек, 2021-жылы өлкө боюнча 10 миң 344 тонна балык өндүрүлсө, 2020-жылы бул көрсөткүч 5 миң 139ду түзгөн. Ошондой эле, өткөн жылы Кыргызстан 5 миң тоннадан ашык балыкты чет өлкөгө экспорттогон.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу