Кыргызстандын банктары чет элдик кредиторлорго карызын көбөйттү

29.01.2024, 11:03 Акчабар
Кыргызстандын банктары чет элдик кредиторлорго карызын көбөйттү

Кыргызстан банк секторунун тышкы карызын 36,2% көбөйттү. Муну Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалыматы тастыктайт.

Алсак, 2023-жылдын 1-октябрына карата өлкөнүн банк секторунун тышкы карызынын көлөмү 716,5 миллион долларды түздү, ал эми 2022-жылдын ушул эле мезгилинде 526,2 млн долларды түзгөн. Өлкөнүн тышкы карызынын түзүмүндө банк сектору 7%ды түзөт.

Бул көрсөткүчтү жогорулаткан жалгыз Кыргызстан эмес. Тышкы карыздын олуттуу өсүшү Казакстанда – 32,8%га, 10,6 млрд долларга чейин, Арменияда – 4,04%га, 4,25 млрд долларга чейин байкалган. 

Буга карабастан, ЕАЭБ банк секторунун жалпы тышкы карызы 8,44%га, же 10,2 млрд долларга азайган. 

Тэги: экономика новости Кыргызстана долги банков комбанки КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу