6-майга карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унцийин кайра сатып алуу баасы 209 миң 160 сом деп белгиленди.
Бир күн мурда көзөмөл органы 31,1035 грамм салмактагы куймаларды элден 212 миң 580 сомго сатып алган. Ошентип, дем алыш күндөрү унций 3 миң 420 сомго арзандады.
Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймаларынын унцийин 212 миң 297,5 сомго сатып алууга болот.