Жыл башынан бери коммерциялык банктар аукциондо 643,5 млн доллар сатып алышты

01.05.2023, 15:36 Акчабар
Жыл башынан бери коммерциялык банктар аукциондо 643,5 млн доллар сатып алышты

Жыл башынан бери коммерциялык банктар банктар аралык валюта аукциондорунда 643 млн. 530 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.

Анын ичинен банктар 205 млн. 890 миң долларды бүтүм жасалган күндөгү эсептешүү менен, дагы 437 млн. 640 миң долларды бүтүм жасалган күндөн башка күндөгү эсептешүүлөр менен сатып алышкан. 

Белгилей кетсек, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу банктар тарабынан сатып алынган чет элдик валютанын көлөмү 2,38%га, же 15 млн. 712 миң долларга азайган. Ошол эле учурда аукциондо валютанын орточо наркы каралып жаткан мезгилде 87,01 сомду түзүп, банктар долларды 88,21 сомдон сатып алган бир жыл мурунку көрсөткүчтөн 1,37%га аз.

Кошумчалай кетсек, каралып жаткан мезгилде Улуттук банк аукциондун активдүү катышуучу болгон. Ал валюта рыногуна сегиз жолу чыгып, жалпысынан 394 млн. 440 миң доллар саткан.

Тэги: новости Кыргызстана валюта доллар США комбанки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу