Банктардын депозиттик базасы 464,5 млрд сомду түздү

22.04.2024, 09:50 Акчабар
Банктардын депозиттик базасы 464,5 млрд сомду түздү

Кыргызстандагы банктардын депозиттик базасы 2024-жылдын үч айында 464,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев “Биринчи радиого” билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын биринчи кварталында депозиттердин көлөмү 24,4 млрд сомго же 5,5%га өскөн. Калктын банктардагы депозиттеринде сактаган акча каражаттарынын жалпы көлөмү боюнча Бишкек алдыда. 

“Алдыңкы позицияны Бишкек шаары ээлейт. Бишкек Кыргызстандын каржы борбору жана коммерциялык банктардын көбү ушул жерде топтолгон, ошого жараша финансылык операциялардын көбү борбордо ишке ашат”, - деди Букуев. 

Тэги: депозит Кадырбек Букуев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу