Баткенде 100гө жакын турак үй сел коркунучунан корголууда

10.10.2023, 13:35 Акчабар
Баткенде 100гө жакын турак үй сел коркунучунан корголууда

Баткен облусундагы Баткен районунун аймагында сел коркунучунан коргоо жумуштары уланып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылындагы сел коргоо тосмонун жээгин бекемдөө жана Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү сел өтүүчү сайдын жээгин бекемдөө иштеринин курулушу жыйынтыкталды.

Ак-Татыр айыл өкмөтүндө 22 турак үй, 5 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты, ал эми Апкан айылында 75 турак үй, 15 гектар огород, мектеп жана балдар бакчасынын имараты, ошондой эле мечит, ФАП жана 500 метр ички чарбалык жол сел коркунучунан коргоого алынат.

Тэги: сел ӨКМ коопсуздук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу