Баткенде бажычылар 3,5 млн сомдон ашык суммадагы аткезчилик жүктү кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
“Баткен” бажысынын кызматкерлери, Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жана УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кадамжай районунун Галча айылында “Мерседес-Бенц 814” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Унааны текшерүү учурунда жүк салынуучу бөлүгүндө Өзбекстанда чыгарылган тиричилик үчүн идиш-аяктар табылган. Жүктүн жалпы салмагы 8216,56 кг түзгөн жана ЕАЭБ аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товар коштоочу документтери жок болгон.
«Э.О.» ЖЧК Көз карандысыз экспертиза жана баалоо борборунун корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 3 млн 577 миң 420 сомду түздү.
Аталган факт каттоого алынып, иш боюнча материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.