Баткенде социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн ишкердиги текшерилди

04.05.2023, 12:50 Акчабар
Баткенде социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн ишкердиги текшерилди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев "Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик социалдык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында 100миң сомдон алган үй-бүлөлөргө барып, алардын баштаган ишкердигин текшерди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, 2022-жылы  Баткен облусу боюнча 222 үй-бүлөгө 100 миң сомдук социалдык жардам берилген.

“Берилген каржылык колдоого үй шартында кондитердик цех, азык түлүк дүкөнү, тез татым жана бут кийим сатуу сыяктуу иштер аткарылууда. Бул долбоор алардын турмуш шартын жакшырткан. Социалдык жардам алгандар үй- бүлөлүк кирешесин жогорулатып жаткандыгын белгилешти”, -деп айтылат маалыматта. 

Ал эми 2023-жылы бул жардам  1097 үй-бүлөгө каралган болсо, учурда 1021 үй-бүлөгө каражат берилген.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу