Баткендиктер үчүн киреше салыгынын ставкасы эки эсеге азайды

21.02.2022, 14:05 Акчабар
Баткендиктер үчүн киреше салыгынын ставкасы эки эсеге азайды

Баткен облусунун бир катар ишкерлери жана жарандары үчүн киреше салыгынын ставкасы эки эсеге – 10 %дан 5 %га чейин азайды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашты.

Мындан тышкары, Баткен облусунун салык төлөөчүлөрүнө жана жеке жактарына бир катар салыктык жеңилдиктер берилет.

“Салык кодексине ылайык салыктык жеңилдиктер 2 багытта берилет: өзгөчө жеңилдетилген салык режими бар айрым чек ара жанындагы калктуу пункттарына жана Баткен облусунун бардык аймактарына”- деп айтылат маалыматта.

Биринчи багытка ылайык, айрым жеңилдиктер берилген калктуу конуштарынын тизмесине киргизилген Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун 62 айылында катталган жана иш жүргүзгөн субъекттерге салыктар боюнча төмөнкүдөй жеңилдиктер белгиленген:

– салык төлөөчүлөрдүн жалданган кызматкерлери үчүн киреше салыгынын ставкасы 5 пайыз өлчөмүндө аныкталган;

– пайдага салыгын, сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулган;

– жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.

2-багытка ылайык, салыктардын бул түрлөрү боюнча жеңилдиктер Баткен облусунун салык органдарында катталган жана өнөр жай ишинин жеңилдиктер берилген түрлөрүн жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөргө инвестициялык макулдашууну түзүүнү талап кылбастан берилет. Алардын Баткен облусунан тышкары жайгашкан обочолонгон бөлүктөрү буга кирбейт.

Өнөр жай ишинин жеңилдетилген түрлөрүнө: инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү; жеңил жана тамак-аш өнөр жайы; электр энергетикасы; айыл чарба продукциясын кайра иштетүү; жыйноо өндүрүшү; ар кандай экспортко багытталган өндүрүш кирет.

2021-жылдын 28инен 30-апрелине чейинки Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан субъекттердин 2021-жылдын 1-июнуна карата абал боюнча түзүлгөн салыктык карыздары эсептен чыгарылат.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу