Баткендин тургундарына 14 мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт

19.02.2022, 10:26 Акчабар
Баткендин тургундарына 14 мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт

Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмеси өтүп, анда 17 маселе каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти

Атап айтканда, Баткен облусунун тургундарына 14 мамлекеттик жана муниципалдык кызматты акысыз жана жеңилдетилген негизде көрсөтүү тууралуу министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды. 

Ошондой эле Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелеринин тизмеси, Экономиканын артыкчылыктуу тармактары жана социалдык чөйрө үчүн өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы инвестициялык макулдашууларда бекитилген инвестициялык долбоорлор боюнча кепилдиктерди берүүдө инвестицияларды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелерди берүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди. 

Белгилесек, Тизме аркылуу өзгөчө инвестициялык режими бар аймактардагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын финансылык милдеттенмелери аныкталат. 

Өзгөчө инвестициялык режими бар аймактарды, атап айтканда, Баткен облусун өнүктүрүү программасына киргизилген долбоорлор үчүн кепилдиктер берилет.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 22-февралда Баткен облусунда биринчи көчмө жыйын болорун, анда облустун инфраструктурасынын абалы, социалдык-экономикалык жана инвестициялык өнүгүүсү, жазгы талаа иштерине даярдыктар тууралуу маселелер караларын белгиледи.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу