Бажы кызматы 8 млн сомдон ашык мыйзам бузуу фактысын аныктады

17.01.2024, 10:15 Акчабар
Бажы кызматы 8 млн сомдон ашык мыйзам бузуу фактысын аныктады

“Түндүк” темир жол бажысынын кызматкерлери текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө ЕАЭБдин бажы аймагына 4 унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. 

Кыргызстандын “Б.К.В.” аттуу жараны 4 даана “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаалардын мурда колдонулган кузовдору-товарларды “Ички керектөө үчүн чыгаруу” бажы жол-жобосу боюнча бажылык тариздөө жүргүзгөн.

Бирок 4 кузовдун 3 кузову Казакстандын аймагынан ташылып келинген унаа катары алгачкы каттоого алынган. 

“Автокаражаттар 2023-жылдын 1-январынан тартып азыркы мезгилге чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында чек ара көзөмөлүнөн өткөн автокаражаттардын эсебинде катталган эмес”, - деп айтылат маалыматта. 

Ички керектөө үчүн ташылып келинген унаанын кузовдору автотранспорт каражаты катары чогултулуп, бажылык тариздөөсүз алгачкы каттоого коюлганы аныкталган.

“Ушуга байланыштуу өлкөгө келтирилген зыяндын суммасы эсептелген күнгө карата туумдарды кошкондо 8 млн 330 миң 973 сомду түздү”, - деп айтылат билдирүүдө. 

 

Тэги: бажы кызматы мыйзам бузуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу