Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте 58 млн сомго мыйзам бузууну аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Ф” ЖЧКсынын дарегине Түркиядан Кыргызстанга “Renaul” маркасындагы унаа менен токулган кездеме ташылып келген. Бажылык текшерүүдө унаадан ири өлчөмдө тамеки табылган:
“Товардын бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документи болгон эмес. Келтирилген чыгымдын болжолдуу суммасы 58,4 миллион сомду түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.
Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.