Бүгүнтөн тарта сомдун жаңы үлгүлөрү колдонула баштады

10.05.2023, 15:10 Акчабар
Бүгүнтөн тарта сомдун жаңы үлгүлөрү колдонула баштады

Улуттук банк бүгүндөн тарта 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторду, улуттук валютанын жаңы 5-сериясын жүгүртүүгө чыгарды.  Бул тууралуу улуттук банктан билдиришти.  

Жаңы сериядагы банкноттор улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналат. Улуттук валютанын 1993-жылы жүгүртүүгө чыгарылган мезгилинен тартып азыркы учурга чейин коргоо элементтеринин минималдуу топтомун камтыган жөнөкөй купондон тартып, жасалма жол менен акча чыгаруудан коргой турган жогорку деңгээлдеги коргоо элементтеринен турган банкнотторго чейинки басып өткөн жолун чагылдырылат. 

“Улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунун негизги сюжеттеринин багыты – Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдыруу өзгөрүүсүз калды. Алдыңкы бетиндеги искусство жана маданият чеберлеринин портреттери, арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери сакталды. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калды”, - деп айтылат маалыматта. 

Кыргызстандын жаңы сериясынын банкноттору жасалма жол менен акча чыгаруудан бекем коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтеринин комплексин камтыйт.  

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргызстандын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары эч кандай чектөөлөрсүз, милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. 

 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу