Учурда ЖМКлардын рейтинги боюнча «Бир Бол» партиясы бардык көрсөткүчтөр боюнча 1-орунда бара жатат.
«Бир Бол» партиясынын шайлоо алдындагы программасы «Инновациялык реформалардын мезгили» деп аталат.
Партия Президент, Жогорку Кеңеш жана Өкмөт эл алдында жоопкерчиликтүү болушу керек деген принципти карманат. Ошондой эле, эл менен бийлик арасындагы ажырымды жоюуну, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн эффективдүү программаларын иштеп чыгып, аларды ишке ашырууну максаттайт.
Бул милдеттер төмөнкүдөй багыттарды өркүндөтүү аркылуу аткарылат:
I Экономикалык өнүгүү
II Эффективдүү мамлекеттик башкаруу
III Сапаттуу билим берүү жана маданиятты жогорулатуу
IV Сапаттуу жана жеткиликтүү саламаттык сактоо кызматы
V Экологиялык коопсуздук жана жашыл экономика
«Бир Бол» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен «Бир Бол» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 16-сентябрь, 2020-жыл. Раззаков көч.,7/2