Бир жумада 40 миңден ашык бала 1-класска электрондук каттоодон өттү

16.04.2024, 09:35 Акчабар
Бир жумада 40 миңден ашык бала 1-класска электрондук каттоодон өттү

Билим берүү жана илим министрлиги баланы 1-класска электрондук каттоо боюнча маалымат берди. Ага ылайык, 15-апрелге карата республика боюнча 40 миң 874 бала катталды.

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча маалымат төмөнкүдөй:

  • Ысык- Көл облусу: 4079 (жалпы квота – 13 миң 821)
  • Жалал-Абад облусу: 7582 (жалпы квота – 34 миң 778)
  • Нарын облусу: 2801 (жалпы квота – 7 миң 741)
  • Баткен облусу: 4882 (жалпы квота – 16 миң 190)
  • Ош облусу: 7524 (жалпы квота – 35 миң 785)
  • Талас облусу: 2285 (жалпы квота – 6 миң 957)
  • Чүй облусу: 5846 (жалпы квота – 31 миң 474)
  • Бишкек шаары: 4818 (жалпы квота – 17 миң 908)
  • Ош шаары: 1057 (жалпы квота – 11 миң 233)

Ал эми Бишкек шаары боюнча төмөнкү мектептер толду:

  • №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
  • №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
  • №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
  • Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

Тэги: билим берүү электрондук каттоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу