Коронавируска каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн Республикалык штабдын 2020-жылдын 24-мартындагы чечимине ылайык, КР өкмөтү физикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн 2020-жылдын 1-сентябрына чейин узартты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Бул өлкөдөгү өзгөчө кырдаал учурунда салык төлөөчүлөрдү колдоо жана коронавирус илдетинин таркалышын алдын-алуу максатында чыккан чечим.
Эске сала кетсек, физикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2020-жылдын 1-апрелинде аяктамак.