Быйыл 1-кварталда Кытайдан Кыргызстанга алынып келинген товарлардын көлөмү 35,8%га (253 млн. долларга – болжол менен) өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Январь-март айларында Кытайдан импорттолгон товарлардын көлөмү 959,4 млн. долларга жеткен.
Кыргызстандан Кытайга товарлардын экспорту 11,1%га (892,7 миң долларга – болжол менен) 8,9 млн. долларга өстү.
Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 35,5% үлүшү менен Кытай Кыргызстандын башка өлкөлөр менен болгон соодасынын жалпы көлөмүндө эң ири соода өнөктөшү болду. Анын ичинде товарлардын экспортунда Кытайдын үлүшү 2%ды, импорттоо 41,9%ды түздү.