Бишкек: автобекеттерди көчүрүүгө 25 млн доллар талап кылынат

19.02.2024, 10:45 Акчабар
Бишкек: автобекеттерди көчүрүүгө 25 млн доллар талап кылынат

Бишкектин автобекеттерин шаар сыртына чыгарууга 25 миллион доллар талап кылынат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, каражат булагы аныкталды, жакын арада бөлүнүп, долбоор ушул жылы ишке ашат деп пландалууда.

Эске салсак, ордо калаадагы Батыш автобекетин Пригородное айылына, ал эми Чыгыш автобекетин Алмата көчөсүнүн айланма трасса менен кесилишине көчүрүү сунушталган.

Бул шаар көчөлөрүндөгү тыгындарды азайтууга багытталган чаралардын бири экени кабарланган.

Тэги: автобекет Акылбек Жапаров жол тыгыны

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу