Бишкек-Кара-Балта жолунун реконструкциясы 2020-жылдын күзүндө аяктайт

25.02.2020, 12:30 Акчабар
Бишкек-Кара-Балта жолунун реконструкциясы 2020-жылдын күзүндө аяктайт

«Бишкек-Кара-Балта» жолунун реконструкциясы качан бүтөт деген суроону биз үч жылдан бери берип келебиз, сиздер кичине жооп берип коюп эле, убакытты созуп келе жатасыңар»,-деп сурады Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлдөрүнөн кечээ, 24-февралдагы Жогорку Кеңештин бюджети жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Республика-Ата-Журт фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев.

«Стратегиялык жолдорду курууда ондогон себептерди ойлоп табууга болот: транспорт бузулуп калды, аба-ырайы начар, бирок, макулдашуу баардык форс-мажордук кырдаалдарды эске алуу менен бекитилиши керек»,- деп билдирип, Тараз-Талас-Суусамыр жана Бишкек-Кара-Балта жолдору качан бүтөрүн айтууну сурады.

КР Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Бишкек-Кара-Балта жолунун реконструкциясы 2020-жылдын апрель айында аякташы керек экендигин айтты.

«Карьерден жүктөп келүү, жүрүп жаткан иштер, коммуникациялар жана жергиликтүү калк жолдорду жаап жаткандыгына байланыштуу процесс баардык маселелер чечилмейинче Азия банкы тарабынан токтотулган»,-деди Ж. Бейшенов.

Р. Казакбаев мөөнөттүн узартылып жаткандыгына жоопкерчиликти кайсы тарап тартарына кызыкты.

«Бул стратегиялык жол болгондуктан, күн сайын биздин миңдеген айдоочуларыбыз кыйналып жатат»,-деди депутат, бирок суроосуна жооп ала алган жок.

Андан соң эл өкүлү Тараз-Талас-Суусамыр жолу качан аяктайт деп суроо узатты.

«Долбоор 99 пайызга аяктады, азыркы учурда 30 чакырым тротуар салуу боюнча иштер калды, алар жазгы курулуш сезону башталары менен бүтөт»-деди министр.

«Азырынча кийинки фаза боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок ал качан башталары тууралуу маалымат жок деп»,- кошумалады Ж. Бейшенов.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу