Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайлардагы тазалыкты сактоо боюнча иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
2020-жылы тазалыкты бузгандарга дээрлик 1 миң протокол түзүлүп, 11 млн 726 миң сом айып салынган.
Ал эми таштандыларды өрттөгөндөргө 267 протокол түзүлгөн. Шаардыктар жана уюмдар үчүн жалпысынан 612 протокол түзүлүп, тиешелүү айып пул салынган.