Бишкекке Монголиядан алгачкы аба каттамы учуп келди

07.03.2022, 09:28 Акчабар
Бишкекке Монголиядан алгачкы аба каттамы учуп келди

«Манас» эл аралык аэропортуна кечээ, 6-мартта «Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор» (Монголия) багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз каттам учуп келди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Улан-Батордон Бишкекке биринчи каттам менен 95 жүргүнчү келип, 66 адам учуп кетти.

«МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы – башкы директору Бакыт Шаршеев жаңы каттамдын ачылышы менен куттуктады.

«Монголия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, биздин соода-экономикалык мамилелерди жана туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар экенибиз билинген. Андыктан, Монголия менен кызматташуубуз чындыгында эки тарап үчүн пайдалуу жана позитивдүү болот деп ишенем. Акыркы убакта коронавируска байланыштуу кырдаалдан акырындап чыгып, жүргүнчүлөрүбүзгө жаңы өлкөлөр жана шаарларга каттамдар ачылып жатканына абдан кубанычтабыз. Аны менен бирге, бул бизнес чөйрөсүн жана бүтүндөй мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө түзөт», - деди Шаршеев өз сөзүндө.

Ал белгилегендей, «МЭА» ААК жүргүнчүлөр, өнөктөштөр жана авиакомпаниялар үчүн шарттарды түзүү максатында алдына эл аралык жана региондордогу аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу милдетин койгон.

Өз кезегинде транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Марат Өскөмбаев мамлекеттердин ортосунда аба каттамынын ачылышы эки тараптуу мамилелерди бекемдөөдөгү алгылыктуу кадам экенин билдирди.

Өскөмбаевдин айтымында, «Манас» аэропорту Монголиядан келген жүргүнчүлөр үчүн Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнө учуу үчүн ыңгайлуу түйүнгө айланат.

Белгилей кетсек, «Хунна Эйр» (Монголия) авиакомпаниясы каттамды жумасына бир жолу – жекшемби күнү аткармакчы. Болжолдуу учуу убактысы 3 саат 40 мүнөттү түзөт.

Тэги: Манас аэропрту Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу