Бишкектеги эски троллейбустар аукциондо сатылат

02.03.2023, 14:10 Акчабар
Бишкектеги эски троллейбустар аукциондо сатылат

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти “Бишкек троллейбус башкармалыгынын” балансында турган унааларды сатууга аукцион жарыялады. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, сатууга 28 унаа коюлган. Алардын 27си иштебей турган ЗИУ 682 жана АКСМ 321 маркасындагы троллейбустар. Ошондой эле, иштебей турган ГАЗ 2417 үлгүсүндөгү бир автомашина сатылат. 

“Сатууга коюлган жалпы автопарктын сметалык баасы 1 миллион 771 миң сомду түзөт” - деп айтылат маалыматта.

Аукцион 31-мартта саат 14:00дө Бишкек шаары, Чокморов көчөсү, 246 дарегинде өткөрүлөт. Катышуучуларды каттоо 29-мартта саат 17:00дө аяктайт. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу