Бишкекте туристтик бизнес ассоциациялардын катышуусунда Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Туризм департаментинин материалдарында айтылат.
Жолугушуунун жүрүшүндө КР ИКИТтин алдындагы Туризм департаментинин жетекчилиги жана туристтик бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү катышып, өлкөнүн туризм тармагындагы учурдагы көйгөйлөрдү талкуулашты. Мындан тышкары бардык кызыкдар тараптар тарабынан иштин андан ары аткарылышы үчүн зарыл болгон милдеттерди белгилешти. Ошондой эле 2021-жылдагы туристтик сезонго даярдык көрүү чаралары белгиленди.
Тактап айтканда, төмөнкү маселелер талкууланды:
- жаңы каттамдарды ачуу,
- туристтик индустрия үчүн финансылык жеңилдиктер (салык салуу, насыялоо),
- курорттук жана эс алуу жайларын жыл бою иштетүү мүмкүнчүлүгү;
- форс-мажор болгон учурда жөнөтүү үчүн туроператорлор үчүн фонд түзүү;
- туризмди эко-жашыл стандарттарга багыттоо,
- кол өнөрчүлөр үчүн атайын аянтчаны түзүү (мисалы, Сүрөтчүлөр галереясы);
- экология, инфраструктура, камсыздандыруу, маркетинг ж.б. маселелери.