Бишкекте жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөөлөр жылдырылды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Эми жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унааларга абанын температурасы +28ден ашса 1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10.00дөн 19.00гө чейин жүрүүгө тыюу салынды. Мындай өзгөртүүнү шаар мэри Айбек Жунушалиев айдоочулар, курулуш компанияларынын жана башка ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Мэр мындай чектөөлөрдү асфальтка зыян келтирбөө менен байланыштырды.
Эске салсак, буга чейин чектөө 5-апрелден 1-октябрга чейин саат 07.00дөн 21.00гө чейин болгон.
Белгилеп кетсек, убактылуу чектөө төмөнкү унааларга тиешелүү эмес:
Убактылуу чектөө механизми төмөнкү жүк ташуучу унааларга тиешелүү эмес: