Бишкектеги Ж.Абдрахманов көчөсүнүн биринде жайгашкан акча алмаштыруу жайында тапанча менен коркутуп, кассадагы 425 миң 390 сом акча каражатын уурдап кетишкен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Карактоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делген жарандар табылып, алар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын атайын багыттагы отрядынын күчү менен кармалып, райондук бөлүмдүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
“Алар 1996-жылы туулган Н.К., 2001-жылы туулган К.А., 1992-жылы туулган Ж.Б. экени аныкталды. Буга чейин ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон. Алар Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.